JW Library* тиркемеси — Ыйык Китепти окуганга жана терең изилдөө жүргүзгөнгө жардам бере турган тиркеме. Ыйык Китепке негизделген адабияттарды, видеолорду, аудиолорду жүктөп алгыла. Ошентсеңер, аларды каалаган маалыңарда, каалаган жерден окуй аласыңар, уга аласыңар жана көрө аласыңар.
Ыйык Китептин ар кайсы тилдеги котормолору
· Кудайдын Сөзүн окуп, аяттарды жүздөгөн башка тилдеги котормолор менен салыштырып көргүлө.
Адабияттардын китепканасы
· Китептерди, китепчелерди, макалаларды 1 000ден ашык тилде, анын ичинде 100дөн ашык жаңдоо тилинде жүктөп алсаңар болот.
Видеолор жана аудиолор
· Тиркемеде Ыйык Китептеги окууларга негизделген түрдүү видеолор, баяндамалар, драмалар, мультфильмдер бар.
Музыка
· Жахабанын Күбөлөрүнүн уюму тарабынан чыгарылган ырларды, анын ичинде вокалдарды, оркестрдин аткаруусундагы ырларды жана обондорду угуп көргүлө.
Күндөлүк аят
· Ар бир күнүңөрдү Ыйык Китептеги кайсы бир аятты жана ага берилген түшүндүрмөнү окугандан баштагыла. Бул силерге дем-шык берип, оң маанай сактаганга жардам берет.
Жолугушуулар
· Иш күндөрүндөгү жана дем алыш күндөрүндөгү жолугушуулардын программасын бир эле жерден таба аласыңар.
Издөө
· Ыйык Китептеги аяттарды, кайсы бир теманы же ойду тапкыңар келсе, «Издөө» функциясын колдонгула.
Өздүк изилдөө
· Текстти белгилеп, капталдагы тилкеге оюңарды жазып койсоңор болот. Анан ошол жазгандарыңарды тег боюнча жайгаштырып алгыла.
Ойнотуу тизмеси
· Ойнотуу тизмесин түзүп, ага ырларды, видеолорду, аудиолорду жана сүрөттөрдү кошуп алсаңар болот.
* JW Library тиркемеси — Жахабанын Күбөлөрү иштеп чыккан расмий тиркеме.
Бул тиркеменин өзгөчөлүктөрүн кантип жакшыраак пайдаланса болорун окуп көргүлө.
Качан жаңырды
2026-ж., 1-окт.
Китептер жана маалымдамалар